Алмаз Мамбетов - президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Алмаз Мамбетов 2020-жылдын 27-октябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалган.

Алмаз Мамбетов 44 жашта. Ал буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болгон. Андан мурун Балыкчы шаарына мэр болгону белгилүү. Анын аты коомчулукка Мамбетов сөгүндү деп тараган аудиодон кийин көбүрөөк белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан