Германия коронавируска каршы эмдөөгө коюлган чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Германия 7-июндан баштап эмдөөнү универсалдуу деп жарыялап, чектөөлөрдү алып салат. Ошондой эле өлкөнүн 16 жаштан жогору курактагы ар бир жараны эмдөөдөн өтө алат.
Берлин эмдөөлөрдү күчөтүп жатканда ДССУ эл аралык COVAX программасынын алкагында дары-дармек менен камсыздоонун олуттуу тартыштыгына тынчсыздануусун билдирет. Жалпысынан дүйнөдө коронавирус инфекциясынын санынын өсүшүн эске алганда июнь айынын аягына чейин 190 миллион доза талап кылынат.
"Pfizer компаниясы ушул жылы COVAX программасынын алкагында 40 миллион доза вакцина менен милдеттүү түрдө камсыздады. Бирок бул партиянын көп бөлүгү 2021-жылдын 2-жарымында алынат. Учурда препараттар керек болуп жатат. Мен аларды тез арада жеткирүүнү камсыз кылууга чакырам", - деп билдирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы.