Депутат "Кумтөр" боюнча экс-президенттерди, экс-премьер-министрлерди Жогорку Кеңештин жыйынына чакырууну сунуштады

Депутат Шайлообек Атазов "Кумтөр" боюнча экс-президенттерди, экс-премьер-министрлерди Жогорку Кеңештин жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кумтөр" боюнча токтомду карадык. 1992-жылдан 2020-жылга чейин кээ бир чиновниктердин мамлекетке чыккынчылык кылганы жөнүндө сөз болду. Токтом долбоордо аты аталган экс-президент, экс-премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырып, сурашыбыз керек. Кээ бир депутаттар кожоюндарына дагы деле кызмат кылууну улантып жатышат. Бүгүн өлкөбүздүн башчысын каралоо кампаниясы башталды. Кремлде интервью берип жаткан, абакта отурган экс-президенттер жооп берсин", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан