Баткенге өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорунда эмнелер каралган?

“Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып жатат.

Бул мыйзам долбоорунда эмнелер каралган?

Долбоор 2-апрелде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Аталган мыйзам долбоору Баткен облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыкканы айтылат.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү:

  • Өзгөчө функционалдык-административдик уюштуруу, бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө макам;
  • Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

  • Өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөл жүргүзүүчү координациялык кеңеш түзүү;
  • Жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • Облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;
  • Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
  • 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде бул маселе каралганда депутаттар Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жашоочулардын кыжырын келтире турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан