"Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймактагы жер Тажикстанга ыңгайсыз жана ал жер тилкесине илгертен Кыргыз жарандары мал-жандыктарын кайтарып келген".
Бул тууралуу Карамык айылынын 71 жаштагы тургуну Шермамат Идирисов SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, эгер ал жер Тажикстанга өтсө, жергиликтүүлөр мал-жандыгын жайып кайтара турган жер калбай калат.
"Азырынча биз жакта абал тынч. Бирок тажиктер биздин айылдагы чекке өтө жакындап келип алышкан. Бул жерде биздин ата-бабалар кылымдар бою эле жашап, мал-жандыктарын кайтарып келген. Ал жерде Төлөнбайдын коргону, Термечиктин рабаты деген жерлер бар. Ал тарыхый жерлер. Айтылып жаткан жерлерди кошуна Кичи-Карамык эли да кыргыз тарапка тиешелүү деп билишет.
Айтылып жаткан жерлерди тажиктер эч качан талашкан эмес. Карагат деген жайлоого бир гана биз жактан жол бар. Ошол жол аркылуу биз жайлоого чыгып жүргөнбүз. Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймактагы жер 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча жер алардын картасында экен деп айтылып жатпайбы. Аныгында бул бир мезгилде түшүнбөгөн, эл менен кеңешпеген бирөө менен чечилип калган бүтүм болушу мүмкүн.
Биздин айылдан Кичи-Карамыкка чейин 12 чакырым болсо, тажик тарап биздин айылга жакын 1 чакырым чекке кирип келишкен. Бизге азыр жердин бир гана тескей жагы калып жатат, малыбызды жайганга жер жок. Азыркы тапта Карамык айылында 700 кожолук эл жашайт.
Элдин малы көбөйүп жатат, бирок аларды жайган жайыт талаш. Илгертен эле биздин мал ошол талаш деген жайытта оттошот. Тажиктер ал жерге жетпейт, алар аталган аймакка келген да эмес жана аларга талаш деген жер тилкеси ыңгайсыз. Биз карта боюнча Эл аралык уюмдарга кайрылып, бул боюнча тактоону талап кылып, Эл аралык сотко кайрылуу керектигин ойлонуп жатабыз. Баткендеги чырдан кийин алар баш көтөрүп, кандай маселе чыгат деп эле чыр кылып жатышат.
Биз бул боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге да кайрылганбыз. Бирок кайрылуубуз боюнча азырынча расмий жооп боло элек. Эгер бул жерди алдырсак, Чоң-Алай эли кыйналып калат, малыбыз кайда оттойт, эмне болот? Бул суроолор азырынча жоопсуз", - дейт аксакал.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагындагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесине эки тараптын тең аскерлери жана жарандары кирбей турганы кечээ маалымдалган.
Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү интернетте "Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди" деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.