Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле басма сөз кызматынан кошумча маалыматтар бериле турганын айтышты.

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөсүнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты.

Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.

Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата маалымат боюнча абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
temirov76
2019-07-23 16:17:31
Ошондо жол бугун жабылдыбы?
0
Dalil
2019-07-23 21:45:33
Алар анклав болуп туруп биздин жол жабылса, анда биздин бийликтин жеткен алсыздыгы. Б.а биздин огороддо туруп бул бурчтан наркы бурчка өткөзбөгөн кошунадай болуп жатат. Көчүккө тээп тээп кууп чыкпайбы? Көп эле жазайын дейсин толк жок. Же өчүрөт же банга тыгат. Бир жагынан АШАнын айтканында да чындык бар. Болбосо ушундай болуп отурмак белек чим....ти агызып.
0
senchi
2019-07-25 17:27:05
Кана Жениш келгени, ким корду. Иштен жок кылгыла Женишти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан