Европа Биримдиги коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүк туристтер үчүн чек араларды ачууга даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай келишимге Евро Биримдикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү 25-майда өтө турган мамлекет жана өкмөт башчыларынын чукул саммитинин алдында келишти. Жолугушуунун негизги темасы жалпы европалык "эмдөө паспортун" киргизүү жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге чет өлкөлүктөрдүн кирүү жол-жобосун координациялоо болот.
Евро Биримдикке мүчө мамлекеттер эмдөө паспортунун форматы боюнча макулдашкандан кийин туристтердин саякатташына тыюу салынат деп болжолдонууда. Евро Биримдикке мүчө мамлекеттерде сертификат алган вакциналар гана эсептелет.