Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүткүл дүйнө жүзүнө кайрылуу жасайт

20-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түндүк Кипр Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бүткүл дүйнө элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президент өзү Анкара эли менен жолугушуу учурунда билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"20-июлда Түндүк Кипрде иш сапарым менен болуп, Түндүк Кипр аралы боюнча оюмду ошол жерден айтам. Бул бир гана аралга эмес, бүтүндөй дүйнөгө тиешелүү", - деген Эрдоган.

Эрдоган дүйнө элине кайсы тема менен кайрыларын так айткан эмес.

20-июлда Түндүк Кипр Түркиянын Кипрге аскердик басып киришинин 47 жылдыгын белгилейт. Аралдын грек бөлүгү бул күндү аза күтүү күнү деп эсептесе, түрк бөлүгү улуттук майрам, тынчтык жана эркиндик күнү деп эсептейт.

Буга чейин Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен Израиль-Палестина кагылышуусун талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан