Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк иш сапарынын алкагында Тажикстанга барды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Токаевди Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Бүгүн, 20-майда эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана бир катар эки тараптуу документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Ошондой эле Казакстан менен Тажикстандын лидерлери биргелешкен медиа брифинг өткөрүшөт.
Бул Казакстандын президентинин 2021-жылдагы биринчи чет элдик сапары.