Акылбек Жапаров: "Центерра Голд" компаниясына койгон доо 4 миллиард 200 миллион доллардан ашты"

"Центерра Голд" компаниясына койгон доо 4 миллиард 200 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде ким иштесе чет мамлекеттен келген компаниялар кирешесинен 10 пайыз салык төлөйт. Салык кызматы текшерип жатканда "Центерра Голд" компаниясы салык төлөбөгөнүн байкаптыр. Келишимдин негизинде биздикилер макул дей беришкен экен. Салык төлөө боюнча актыны компанияга өткөрүп бердик. Жетекчилерден бири жок, баары өлкөдөн чыгып кетишкен экен. Актыны каражат боюнча иштеген кызматкерлерге тапшырдык. Экология боюнча коюлган айып талашсыз. Биринчи деңгээлдеги сот чечим чыгарып берди. Экинчи инстанцияга дагы даярданып жатабыз. Сотко Кыргыз жарандары берип жатат. Жалпы доонун көлөмү 4 миллиард 200 миллион доллардан ашты", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан