Акылбек Жапаров: "Аскар Акаевдин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой сезип кеттим"

"Аскар Акаевдин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой сезип кеттим", - деп бүгүн, 20-майда "Кумтөр" боюнча комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

"Биз 2009-жылкы келишимди коргогон жокпуз. 2009-жылы бизде кенди өзүбүзгө алып ала турган толук мүмкүнчүлүк бар болчу деп айттык. Аскар Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши. Ал кишинин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой сезилип кетти", - дейт ал.

Мурдагы президент Аскар Акаев маек берип жатып, "Кумтөргө" байланыштуу айыптоолор боюнча "биринчи күнөөкөр Акылбек Жапаров" деп атаган. "Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылдагы комиссияда ошондо да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан