Айбек Жунушалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлыкка ылайык, 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Айбек Жунушалиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.