Акылбек Жапаров: "Кумтөр" компаниясынын убактылуу тышкы башкаруучу 3 ай иштешет"

"Кумтөр" компаниясынын убактылуу тышкы башкаруучу 3 ай иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

"Кумтөр" компаниясынын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк өзүнүн программаларын иштеп чыгат, көрөт, байкайт. Андан кийин биз дагы комиссия 3 айга өзүбүздүн жумушубузду узартып алдык. Баарыбыз мындан ары кандай болот деп акыркы чечимибизди кабыл алабыз. Тышкы башкаруучу бул толук компаниянын президенти кандай шартта иштесе ошондой иштейт. Мындан тышкары дагы ыйгарым укуктары бар. Мыйзам боюнча 3 ай убактылуу тышкы жетекчи кемчиликтерди жокко чыгарууга компаниянын мүмкүнчүлүгү барбы деген бүтүм чыгарып, мыйзамдарды бузбай иштеп кете турган сунуштарын берет. Өкмөт кайра өзүнүн чечимдерин кабыл алат", - дейт Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан