Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду "шайтан" деп атаган өспүрүмдүн атасы, туугандары андан кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Кадыров Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан учурда ага колдонуучулардын бири "сен адам эмессиң, шайтансың" деп комментарий жазган. Буга Чеченстандын башчысы "мен сени табам, ошондо кимдин шайтан экенин көрөбүз" деп жооп берген.
Белгилүү болгондой, аталган комментарийди жазган адам 15 жаштагы өспүрүм экендиги аныкталган. Ал Дагестанда туулуп, учурда ата-энеси менен бирге Москва облусундагы Чехов шаарында жашайт.
"Менин 15 жашар баламдын туура эмес тарбиясы үчүн сизден кечирим сурайм. Баламдын мындан аркы тарбиясына олуттуу көңүл бурууга убада берем", - дейт баланын атасы.