СССРдин Эл артисти Татьяна Бестаева катуу оорунун кесепетинен улам Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Операция учурунда дарыгерлер 83 жаштагы кино жылдызынын бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын абалы быйыл жазында начарлап кеткен. Ага учурда протез жана майыптар үчүн атайын коляска керек. Бейтаптын балдары жок экендиги белгилүү болду. Мындан ары ал социалдык кызматкерлердин карамагында болот.
Татьяна Бестаева Моссовет театрында 1961-жылдан бери иштеп келет. Ал Фаина Раневская, Любовь Орлова аттуу бир топ театр жылдыздары менен роль жараткан. Киного алгачкы жолу 1958-жылы тартылган. Татьяна Бестаева 1960-жылдары Советтер Союзундагы эң сулуу актрисалардын бири деп эсептелген.