Израиль менен Палестина ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келишти

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-майда дүйнөлүк басылмаларда Израиль Газа тилкесине ок атууну токтотуу ниети бар экендиги тууралуу маалыматтар тараган. Андан кийин Палестинанын ХАМАС тобу 21-майдан баштап Израилди аткылоону токтотууга даяр экендигин жарыялаган.

Элдешүү АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынгандыгы айтылууда.

Израиль армиясынын соккусунан жалпысынан Газада 220дан ашуун адам, анын ичинде карапайым адамдар каза болгон. Ал эми Израилге төрт миңден ашуун ракета атылган. Акыркы маалыматтар боюнча, 10дон ашуун израилдик курман болду.

Эске салсак, 11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Буга Газа тилкесин көзөмөлдөгөн топтордун Израиль полициясынан Чыгыш Иерусалимдеги Акса мечитинин жана Шейх Жаррах конушунун аймагынан чыгып кетишин талап кылышканы себеп болгон. Израил полициясы бул шартты аткаруудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан