"BS Group" корпорациясынын төрагасы ПЦР-лабораториясын расмий ачып жаткандыгын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "BS Group" корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин (Корея Республикасы) менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз мамлекети Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң маани берет. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо, инвестициялык объектилердин ишинин коопсуздугун камсыздоо – жаңы Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат", - деди Улукбек Марипов

"BS Group" корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Пак Хё Рин ата мекендик экономикага инвестициялоого кызыкдарлыгын билдирди жана компания бүгүн Бишкек шаарында "ABDSIO Lab" ("Манас" эл аралык лабораториясы) ПЦР-лабораториясын расмий ачып жаткандыгын билдирди.

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЦР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот.

"Өлкөдө жакында туристтик сезон ачыларын эске алуу менен республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет - Кыргыз Республикасын СOVID-19дан эркин өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт", - деди Пак Хё Рин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "BS Group" корпорациясынын иши медициналык тармакта гана эмес, экономиканын башка тармактары боюнча да кеңейтилерине ишеним билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан