Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык:
— Жанузаков Адилет Канатович президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Сазыков Эркин Орозбекович президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Бөрүбаев Назирбек Нарматович президенттин администрациясынын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.