Октябрь окуясына активдүү катышкан саясатчылар эмне менен алек?

Былтыркы жылы 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак Үй алынган. Мындан көп өтпөй 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Кыргыз өлкөсүндө бийлик алмашкан. "Октябрь окуясына активдүү катышып жүргөн саясатчылар көчөдө калды" деген сөздөр да айтылууда.

SUPER.KG порталы октябрь окуясына активдүү катышкан саясатчылар эмне менен алектенип жатканын тизмектеди.

Сыймык Жапыкеев балык уулоо менен алек

Сыймык Жапыкеев октябрь окуясынан кийин Финансы полициясынын жетекчиси болуп дайындалып, кийин өкмөттүн жаңы курамына аталган мекеме кирбей калган. Ошентип Финансы полициясы жоюлган соң Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Ал бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Андан кийин ал социалдык тармактагы баракчасына балык уулап жаткан сүрөтүн киргизген. "Балык уулоого балык кармоо үчүн эмес, жан дүйнөнү тынчтандыруу үчүн барышат" деп билдирүү жазган.

Тилек Токтогазиев ишкерликти улантууда

Тилек Токтогазиев болсо айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалып, кийин өкмөттүн курамына кирбей калган. SUPER.KG ага байланышканда эмне менен алектенип жүргөнүн айтты. "Ишкерлик, коомдук иштеримди улантып жатам. Айыл чарба тармагында инжиниринг компаниясын күчөтүп жатабыз. Айыл чарба тармактарына ар кандай чечимдерди чыгарып беребиз. Мал чарба, күнөскана тармактарында ар кандай конструкцияларды иштеп чыгып жатабыз. Германиядан бир чакыруу келди. Ал жакка ноябрда чоң иш сапар менен барабыз деп даярданып жатабыз. Германиянын эң алдыңкы айыл чарба технологиясын изилдөөгө чакырыптыр. 12 адамдын арасынан мени дагы кошуптур. Даярданып жатабыз. Ашар деген фондду түздүк. Бул фонд аркылуу өлкөдөгү мектептердин дааратканаларын оңдоп чыгуу максатын коюп жатабыз. Айылдыктардын жашоо-шартын өнүктүрүүнү көздөп жатабыз", - дейт ал.

Эльвира Сурабалдиева ден соолугуна кам көрүп, жакындары менен күн өткөрүп жатат

Дагы бир октябрь окуясынын активдүү катышуучусу Эльвира Сурабалдиева ошол кездеги депутат, вице-премьер-министри кызматына дайындалган эле. Ал дагы өкмөттүн жаңы курамына кирбей калды. Сурабалдиева учурда ден соолугуна кам көрүп, жакындары менен күн өткөрүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди. "Ден соолугума кам көрдүм. Көп жылдан бери элге кызмат кылып жүрдүк, учурда өзүмдүн жеке жумуштарым менен алектенип жатам. Чет мамлекетке саякаттап келдим. Жакындарыма көп жылдан бери убактым жок көңүл бура албай келгем. Азыркы тапта алар менен күн өткөрүп жатам", - деди Сурабалдиева.

Жеңиш Молдакматов абакта

Жеңиш Молдакматовго Жазык кодексинин “Массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып камакка алынган.

Башында Ички иштер министрлиги Молдакматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “Массалык башаламандык” беренесине өзгөртүшкөн.

Ал азыркы президенттин саясатын сындап жүргөндөрдүн сап башында.

Курсан Асанов үй камагында

Курсан Асанов башаламан учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айыпталып, 26-январда кармалган. Ал апрель айында үй камагына чыккан.

Максат Мамытканов ден соолугуна көңүл буруп, жеке иштери менен алек

Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болгон Максат Мамытканов дагы өкмөттүн жаңы курамына кирбей калган. Учурда эч бир кызматка дайындала элек. SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна конокко келгенде ден соолугуна көңүл буруп, жеке иштери менен жүргөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан