Депутат Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды

Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев катышкан жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

"Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу М.Ж.га жеңил зыян келтирилген, ошондой эле ал А.О.го эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирген. Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин "Иш боюнча өндүрүшкө тоскоолдук кылган жагдайларга" ылайык токтотулган.

Ага жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар кодексине ылайык, жалпы суммасы 22 миң 500 сомго айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти делген маалымат тараган.

Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле тийиштүү органдар депутаттын баласы Porsche Panamera үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатканын билдиришкен.

Көп өтпөй SUPER.KG порталына Депутат Иса Өмүркулов кырсык боюнча комментарий берген. Ал уулу наркоман эместигин айтып, буларга токтолгон: "Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча, велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул. Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок", - деп билдирген Өмүркулов.

17-майда жабырлануучу кыз ооруканага жатуудан баш тартып, үйүнө чыгып кеткени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Janibek1970
2021-05-22 13:58:44
Булар кудайдан деле коркпойт. Акча менен жаап салышты да
+11
Islam98
2021-05-22 14:02:13
Как всегда ар кайсы отмазка менен тээп чыгат.Жабырланганы,камалганы, же башкасы у.с.кайра эле байкуш карапайым калк.Азыр тескеринче сузулгон Кыз эмес озунун баласы болсунчу зонага чейин тыкмак!
+9
Asmat84
2021-05-22 14:11:53
Вой блиин ушуну менен экинчи жолу акталып чыкты. Дагы деле акчалуулардын заманы экен. Тфу тфу тфу
+11
Ala.too.456
2021-05-22 14:29:36
Ой кудайга шугуур. Мен жанагы байкуш кызды куноолу кылып коюшбаса эле -деп коркуп жаткам.
+10
zam81
2021-05-22 14:53:25
Кудайдай бар таразалганга
+9
Kanybekov94
2021-05-22 15:00:12
Карапайым бироо болгондо соттолуп кетет эле э
+7
nazira...
2021-05-22 15:00:32
А ичип алып айдап жүргөнүнөчү, ага жаза салышпаптырбы. Деги кудайдан коркот бекен бу Иса. Ошо өлтүрө сүзгөн 3 кишинин убалы деле уктатпаса керек. Кан кое бербейт, бирок барибир көрөт дагы балаң, же сага көрүнөт.
+8
Belek1710
2021-05-22 15:01:02
велосипед алып берип койду да, башка бир бечара жигули менен болгондо даана камалып кетмек!
+8
Aimani
2021-05-22 16:30:19
3киши олтуруп камалбаган Эми камалат беле дагы шугур тиги кызды куноолуу кылып койбогонуна.откондо атасы айтып атпады беле озу келип капталдан сузду деп.
+4
Mister-XXX
2021-05-22 23:15:20
Мына ушул депутаттын баласы жазага тартылсын деп митингге чыкса болмок.Ал эми И.Омуркуловду жумуштан алыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан