Буга чейин депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев велосипедчен кызды сүзүп кетти деген маалымат тараган. Кыз ооруканага жатуудан баш тартып, үйүнө чыгып кеткен. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"1992-жылы туулган кыз алгач ооруканага келип түшкөн. Андан соң биз аны палатага жаткыралы дегенде баш тартып, үйүнө чыгып кеткен. Калган маалыматты укук коргоо органынан алсаңар болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин Иса Өмүркуловдун уулу велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кеткени белгилүү болгон.
2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.