
Американын Калифорния штатында Tik-Tok кечесине келген жарандардын 150гө жакынын полиция кармап кетти. Маалыматка ылайык, аталган кечеге 2 жарым миңге жакын адам келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, буга чейин полиция кечеге чогулуу мыйзамсыз экенин айтып эскертүү берген.
"Чогулгандардын арасында Американын булуң-бурчунан келгендер бар. Алар пандемияны эске албай көңүл ачуу үчүн келишкен. Чогулгандарды таратуу кыйынга турган, себеби алар ызы-чуу жаратып, полицияга каршы күч колдонуп, айрымдары үйлөрдү талкалай башташкан. Мындан улам жекшемби күнү аталган штатка коменданттык саат киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган жарандардын арасында жашы жете элек өспүрүмдөр да бар.