Индияда өлүмгө алып келген мукормикоз оорусуна кабылгандардын саны тогуз миңге жакындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, инфекциядан каза болуп калуу коркунучу 50 пайызды түзөт. Мукормикоз жугуштуу ооруларды таркаткан грибок инфекциясы мурун көңдөйүн жабыркатат.
Инфекциянын жарымынан көбү Индиянын батышындагы Гуджарат жана Махараштра штаттарында катталган. Өлкөнүн 29 штатында оорулар көбөйгөндөн кийин мукормикоз эпидемиясы жарыяланган. Дарыгерлердин айтымында, анын себеби коронавирусту дарылоодо колдонулган стероиддерде болушу мүмкүн. Оору коронавирустан айыккандан кийин 12-18 күндөн кийин аныкталат.
"Эгерде бейтаптарга өз убагында жана талаптагыдай жардам көрсөтүлбөсө, анда өлүмдүн көрсөткүчү 94 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Дарылоонун баасы жогору жана дары-дармек жетишсиз", - деп билдирген Индородогу Махараджа Йешвантрао ооруканасынын дарыгери.