АКШда коронавируска каршы эмделген бир катар өспүрүмдөр жүрөк оорусуна чалдыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ооруларды көзөмөлдөө борбору бул учурларды изилдей баштады. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүрөктүн булчуңдарынын сезгенүүсү вакцинанын экинчи дозасын алгандан бир нече күндөн кийин болгон. АКШда Pfizer, BioNTech жана Moderna вакциналары колдонулат.
Мындай учурлар салыштырмалуу аз болгондуктан, адистер алардын вакцина менен байланыштуу эместигин божомолдошот. "Кээ бир адамдардын эмдөөдөн кийин миокардитке чалдыгышы кокустук болушу мүмкүн", - деген Нью-Йорктогу Белвью ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча адиси Селин Гундер.