Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү райондордун акимдерин ротациялады. Мамлекет башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулган. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.
SUPER.KG порталы "Бул кадамдын кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар?" деген собол салды.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай акимдерди ротация кылуу СССР убагындагы авторитардык мамлекеттин белгиси экенин айтты.
"Мурда Сооронбай Жээнбековдун убагында администрациялык-аймактык реформа болмок да. Ошондо жергиликтүү бийликтер өз алдынча иштемек. Акимдерди ротация кылуу СССР убагындагы авторитардык мамлекеттин белгиси. Акимдерди райондорго койгондо түштүк жактан түндүк жакка барганда аларды каржылаган көйгөй болуп жатпайбы. Ошого бизде бюджетте акча барбы? Акимдердин үй-бүлөсү жашаш керек да. Бюджетте тартыш болуп жаткандан кийин туура эмес нерселерге барат. Мамлекет жашоо-шартын бекитип бербесе, анда бул ротация жемкорлуктун жолу", - деди ал.