"Forbes" басылмасынын рейтинги боюнча миллиардерлердин сап башына "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын президенти Бернар Арно чыкты. Бул тууралуу аталган басылманын маалыматына таянуу менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, акыркы бир сутка ичинде Арнонун кирешеси 710 миллион долларга өсүп, жалпы кирешеси 186 миллиард 300 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч менен Арно миллиардерлердин биринчи тизмесинде жайгашкан "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка калтырды. Безостун байлыгы учурда 186 миллиард доллар.
Ал эми үчүнчү сапта (147 миллиард 300 миллион доллар менен) "Tesla жана SpacеХ" компаниясынын башкы директору Илон Маск жайгашкан. Төртүнчү орунда (125 миллиард 300 миллион доллар менен) "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг болсо (114 миллиард 700 миллион доллар менен) бешинчи катарда.