АКШнын Лос-Анжелес шаарында "Billboard Music Awards" музыкалык сыйлыктын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бул жолку сыйлыктын жеңүүчүсү канадалык ырчы The Weeknd болду. Хит болгон "Blinding lights", "After hours" ырларынын аткаруучусу 10 алтын микрофон алып, андан сырткары "Мыкты аткаруучу", "Эркектер арасындагы мыкты аткаруучу" жана "Hot 100 рейтингинин эң мыктысы" деген наамдарга татыды.
Ал эми сыйлыктардын саны боюнча экинчи орунду маркум рэпер Pop Smoke алды. Аны ушул жылдын февраль айында өлтүрүп кетишкен. Ал 5 сыйлыкка көрсөтүлгөн. Сыйлыкты анын ордуна агасы Обаси Жексон жана апасы Одри алды.
Ал эми 4 сыйлыктан белгилүү корей группасы "BTS" жана пуэрто-рикалык ырчы Bad Bunny каймана аты менен таанымал Бенито Окасио алышты.
Мындан сырткары "Он жылдыктын артисти" наамын рэпер Drake жана ырчы Pink алды. Ошондой эле ырчы Pink "Икона" сыйлыгына да татыды.