SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев болду.
Анда ал кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты.
"Айрымдар Суваналиевди, үч акимди жумуштан алды деп айтып жатышат. Мындай караганда бизди жумуштан алып койгондой болуп жатат да. Мен бир ай мурун Улукбек Мариповго 3 акимдин маселесин чечкиле деп кайрылгам. Лейлек менен Баткендин акими аттестациядан өтпөй калышкан. Ошондо жумуштан кетет дешкен. Кадамжайдын акими октябрь айынан бери жок. Шайлоого аттанып кызматтан кеткен. Анын милдетин аткара турган биринчи орун басары "мен иштебейм, ооруп жатам" деп арыз жазган.
5-майда мени, 3 акимди жумуштан алганда элде буларды жазалады деген ой пайда болуп калды. Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү менен Согди облусунун делегациясы жолугуп жатышат. Ал тарапта мурунку иштегендердин баары турат. Биз тарапта баары жаңы", - деди Суваналиев.