SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев болду.
Ал Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу суроолорго жооп берди.
"Баткендеги чек ара чыры алдын ала белгилүү болгон деген маалымат фейк. Эч ким ушундай алдын ала согуш болуп кетет деп ойлогон эмес. Билген да эмеспиз. Жамандайбыз дегенде фейк маалыматты тарата беришет. Чыңалуу болуп турган. Ошон үчүн күчөтүлгөн тартипте турганбыз", - деди ал.