Европа Бирлигинин лидерлери Беларусь өлкөсүнүн учактарын Европа аба мейкиндигинде учушуна тыюу салуу чечимин кабыл алышты. Мындай чечим Европа саммитинде талкуулангандан кийин кабыл алынганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышына Афины шаарынан Вильнюс шаарына учуп бара жаткан ирландиялык Ryanair авиакомпаниясына таандык учактын күтүүсүздөн Беларусь өлкөсүнө конушу себеп болгон. Учакта Nexta Telegram каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич дагы болгон жана ал укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.
23-майда абага көтөрүлгөн Ryanair учагы Минск аэропортуна тоо-кен иштеринде жардыруу жүрүп жатат деген билдирүүдөн улам шашылыш конгон. Беларусь өлкөсүнүн укук коргоочулары бул учакты Беларусь өлкөсүндө экстремисттик деп табылган Nexta Telegram каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич бар экенин кабарлашкан. Минск аэропортунда документтерди текшерүү учурунда Протасевич кармалган. Ага карата бир нече берене, анын ичинде "массалык баш аламандык уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.