Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында эки адам камакка алынганын эске салды.
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында эки адам камакка алынды. Мунун өзү бул долбоордо чоң коррупция бар экенин айгинелеп турат. Экинчи этапты ишке ашырган Дастан Давлетович, (ред. министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дастан Догоев) сиз болчусуз. Англияга окууга кетип жатам, бул адам баласына бир келе турган мүмкүнчүлүк деп кеттиңиз эле. Бир жыл өтпөй эмнеге келип калдыңыз?" - деп сурады депутат.
Дастан Догоев андан бери 11 ай өткөнүн айтып, окууну аяктаганын белгиледи.
Момбеков: "Каалаган убакта келесиз. Толкунбек Абдыгуловдой, сиздей эч ким эрке болгон эмес. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын сиз өткөргөнсүз. Электрондук чечим менен жеңүүчүнү аныктагансыздар", - деди.
Догоев: "Тендерди мен жарыялаган эмесмин. Тендер мен кызматка келгенге чейин жарыяланган", - деп жооп берди.
Эске салсак, былтыр Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан кетип жатып билдирүү тараткан.
"2020-жылы Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнө окууга өттүм. Окуу бир жылга созулуп, бул аралыкта мен бошобой тургандыктан өлкө президенти жана өкмөт башчы менен кеңешкем. Мындай мүмкүнчүлүк бир гана жолу келерин айтышып колдошту. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан кетем, ал эми президенттин кеңешчиси болуп кала берем", - деген Догоев.