Тажикстанда айдоо аянттарын чегирткелер каптап жатат

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги чегирткелер айдоо аянттарынын 83 миң 944 гектар жерине жайылгандыгын билдирди. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда 67 миң гектарга жакын аянтта химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Чегирткелер көбүнчө Хатлон районундагы (55,1 миң гектар) эгиндерге коркунуч туудурган. Министрликтин алдында чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча экспедиция иштеп жатат. Алар учурда талааларды чегиртке басып кетпөө үчүн бардык чараларды көрүүдө. Айыл чарба министри Сулаймон Зиёзода бир ай мурун чарбаларды чегирткелердин жайылып кетиши мүмкүн деп эскертип, жергиликтүү бийликти курт-кумурскалар менен күрөшүү чараларын көрүүгө чакырган. Бирок курт-кумурскалар өлкөнүн бардык чөлкөмүнө кеңири тараган жана коңшу мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып барууну талап кылууда.

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, чегирткелердин үйүрү да бир жылда 2500 кишини тойгуза турган эгинди жок кылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sainazarov0555
2021-05-25 12:52:46
Казнь Египетский
+4
Rifle_I
2021-05-25 13:21:53
Кудай сактасын.
+3
futboler
2021-05-25 13:47:34
Таба эмес тообо, кудай баарын көрүп турат.
+4
Asmat84
2021-05-25 15:53:52
Аллахтын желдеттери тажиктерди жазалап жатат
+2
ninja82
2021-05-25 18:51:03
Тажиктер ошон учун алдын ала кыргыздардын жугору,арпа,буудай,ун прадукталарын ташып алган экенда. Кыргызстаныбызды Аллахым сактасын жаратылыш кырсык,апааттарынан.
+3
Raik
2021-05-26 15:28:46
Арстан Алай укпасын. Мен жөнөттүм деп чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан