Африкадагы жанар тоонун атылышынан улам каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Конго Демократиялык Республикасындагы Ньирагонго жанар тоосунун атылуусу 22-май күнү кечинде башталган.
"Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 32ге жетти. Көз жумгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ньирагонго жанар тоосу Гома шаарына жакын жайгашкан. Аталган шаардын калкынын саны 1 жарым миллионго жакын. Белгиленгендей, тургундар турак жайларын таштап, Руанда өлкөсү тарапка качып кетип жатышат.