АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу Швейцариянын Женева шаарында болот деп эсептейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, мындай маалыматты Жо Байдендин администрациясындагы 4 өздүк булак америкалык басылмаларга тастыктаган. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу жакынкы эки аптанын ичинде болушу мүмкүн.
Буга чейин Путин менен Байдендин жолугушуусу Чехиянын борбору Прага шаарында өтүшү мүкүн экендиги кабарланган.