Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдиргендигин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ага судья Вера Акимовага акаарат келтирген деген жүйө менен Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 297-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Вера Акимова ардагер Игнат Артеменконун ишин караган судья. Февралда Москвадагы райондук сот Навальныйды ардагер Игнат Артеменкого жалаа жапкан деп айыптап, 850 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирген. Игнат Артеменко Конституцияга түзөтүүлөрдү колдогон видео роликке тартылган болчу.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.