Зимбабве өлкөсүнүн Биндура шаарынын 27 жаштагы тургуну Lamborghini унаасына жетүү үчүн 33 күн ачкачылыктан кийин ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.
27 жаштагы Марк Мурадзиранын туруктуу жумушу жок болгон. Анын сүйүктүүсү Lamborghini унаасына жетүүнү кыялданарын айткан соң, ал 40 күн жана 40 түн ачкачылык жарыялоону чечкен. Анын ою боюнча, эгер ал чын ыкластан Кудайга жалынып, ачкачылык жарыяласа, Кудай анын тилегин орундатат деп үмүттөнгөн.
33 күн бою оозуна бир кашык суу албаган Маркты досу оор абалда жаткан жеринен таап, ооруканага жеткирген. Ал эч нерсеге азгырылбаш үчүн адамдардан обочолонуп, жалгыз ачкачылыкта күн көргөн.
Бул кабар жергиликтүү тургундар арасында желдей тарап, анын дарегине түрдүү сын-пикирлер айтылып жаткан маалы. Жергиликтүү тургундар анын бул жоругуна таң калып бүтпөй жатышкандыгын айтышкан. Жумуш таап иштеп, акча чогултса кыялын ишке ашыруу алда канча чындыкка коошот эле дешкен. Чиркөөгө келген адамдар акча чогултуп, аталган унааны алуусуна жардам берели дешкен, бирок эң арзан Lamborghini 400 миң доллар турарын укканда, бул ойдон баш тартышкан. Бирок алар чогулткан акча менен анын ооруканага кеткен чыгымдарын төлөп беришкен.