Гонконгдо өткөн аукциондо америкалык сүрөтчү жана граффити Жан-Мишель Баскиянын сүрөтү 30 миллион долларга сатылып, аукциондо сатылган эң кымбат картина болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, сүрөт "Аты жок" деп аталат, ал 1982-жылы май жана боёктор менен коллаж элементинде тартылган. Алгач сүрөт 18-22 миллион доллар деп бааланган. Бирок 30 миллион 100 миң долларга сатылды. Аны сатып алган адамдын аты-жөнү ачыкталбай тургандыгы айтылат маалыматта.