"Евровидение-2021" сынагында жеңүүчү аталган топтун ыры дүйнөдөгү эң популярдуу ырлардын ондугуна кирди

"Евровидение-2021" ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон италиялык "Måneskin" тобунун "Zitti E Buoni" аттуу ыры дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу ырлардын ондугуна кирди. Бул тууралуу "wiwibloggs" порталына шилтеме берүү менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Spotify" стриминг сервисинин рейтинги боюнча, "Евровидение-2021" ыр сынагында 524 упай топтоп, 1-орунга ээ болгон италиялык топтун ыры 3 миллион 900 миң жолу угулган. Бул рейтингдеги жүздүккө аталган сынакта 2-орунду багындырган француз ырчысы Барбара Правинин аткаруусундагы "Voilà" ыры кирип, рейтингде 44-орунга илинди.

Белгилей кетсек, "Евровидение-2021" ыр сынагы Нидерландынын Роттердам шаарында болуп өттү.
Сынак 1956-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерландыдан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан