Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат шаарында, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.