"Алп жаныбарлар шаарды басып алышты". Туризмди өнүктүрүү үчүн крымдыктардан жаратман чечим

Крым Республикасынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Бахчисарай шаарындагы миниатюралык парк конокторду кабыл алды. Бул жакка келгендер гиббон, еноттор жана башка көптөгөн жаныбарлардын моделдерин көрө алышат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, миниатюралык парк социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан абдан бааланган. Бул кадам пандемияга байланыштуу туризм тармагы солгундап кеткендиктен Крымга туристтердин кызыгуусун арттырууга багытталган.

Аталган аймак 2014-жылдан тартып Орусия тарабынан Крым Республикасы катары башкарылып келе жатат. Бир нече эл аралык уюмдар Крым Автономиялык Республикасын Украинанын бир бөлүгү катары тааныган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samsungc3
2021-05-26 18:12:18
Сонунго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан