"Жеке оюм боюнча күзүндө парламенттик шайлоо болбой калышы мүмкүн", - деп бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
"Ар кандай сунуштар айтылып жатат. Күзүндө парламенттик шайлоо өтөт деген пикирлер болууда. Бирок парламенттик шайлоонун күнү белгисиз. Ага чейин жарлык чыгышы шарт. Жаңы Конституцияга ылайык, 300гө жакын мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек да. Жогорку Кеңеш ошону менен алек болуп иштеп жатат. Муну парламент жыйынтыкташы керек. Жаңы мыйзамдар пайда болот. Ошолорго процедуралардан өткөрүү зарыл. Бул үчүн бүт баарына убакыт керек. Былтыр күз айында июнь айына чейин шайлоо өтөт деп айтылбады беле. Менин жеке оюм боюнча, күзүндө шайлоо болбой да калышы мүмкүн. Парламент жаңы кодекстерди кабыл алышы керек. Бул бир канча убакытка созулат деп ойлойм", - дейт Кайрат Осмоналиев.