Сауд Арабия быйылкы ажылыкты аткаруу эрежелерин жарыялады

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык ибадатын аткаруу үчүн 60 миң гана адам кабыл алат. Анын 45 миңи тышкы өлкөлөрдөн келсе, 15 миңи жергиликтүү эл болууга тийиш. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ажылыкка келе тургандар 18-60 жаш аралыгындагы жарандар болууга тийиш. Ошол эле учурда акыркы алты айда ооруканага жатпаганын, кандайдыр бир оору себебинен дарыланбаганын тастыктаган маалымкат талап кылынат.

"Мындан сырткары коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 13-майга чейин, экинчи дозасын ажылыкка келерден 14 күн мурун алуусу керек. Ал эми алынган вакцина Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да таанылган, уруксат берилген болууга тийиш.

Ажылык үчүн Сауд Арабияга келгендердин жүктөрүн атайын кызматкерлер дезинфекциялоодон өткөрөт, өздөрү үч күн карантинге жаткырылат. Андан соң аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу вирустан коргонуу эрежелери тыкыр көзөмөлдөнүп, зыяратчылар убактылуу конгон жерлеринде ПЦР-тест тапшырат.

Ажылык ибадаттарын аткаруу чаралары күн мурун SMS-билдирүү аркылуу маалымдалып, атайын унаа каражаттары уюштурулуп берилет. Мейманканаларда, тамактануучу жайларда адамдын көп чогулбоосу үчүн тамак-ашты ар ким өз бөлмөсүнөн ичүү талап кылынып, бул үчүн атайын кызматтар да уюштурулат. Ошол эле учурда үй-бүлөсү менен бирге турууга уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Каабаны айланууда эки метр аралык сакталуусу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан