Улуу Британиянын Сток-на-Трент шаарында жашаган төрт баланын энеси Мэри Коллинз турмушка чыгып, 12 сааттан кийин уйку безинин рагынан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Мэри Коллинз 14 жыл чогуу жашаган сүйүктүүсү Стивен менен никесин мыйзамдаштырып, үйлөнүү үлпөтүн белгилешкен. Той июль айында өтмөк, бирок айыккыс дартка чалдыккан аялдын абалы кескин начарлап кеткендиктен, 1-майга белгиленген. 2-майга караган түнү ал каза болгон. Мэриге 2018-жылы уйку безиндеги залалдуу шишик дарты коюлган.
Жаңы үйлөнгөндөрдүн тоюна алардын ата-энелери, жакындары катышты. Сүйүшкөндөр 14 жылдык мамилеси учурунда төрт балалуу болушкан.
"Биз акыры баш кошконубузда, ал төбөсү көккө жеткенче сүйүндү. Ал абдан чечкиндүү болчу жана эч нерсе болбогондой шишик менен күрөштү", - деген жолдошу Стивен.