Казакстанда Кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар

Казакстандын Актөбө облусунда унаа жолундагы кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, адам өмүрүн алган кырсык 25-майдын таңында болгон. Самара-Шымкент жолунун 909-чакырымында Хромтау районунун Богетсай айылына жакын жерде Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаа кагышкан.

Актөбө облусунун полиция кызматынын маалыматына ылайык, жеңил унаанын 61 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Кыргыз жараны башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-05-27 11:12:43
Кудай сактасын.Мерседес бенстин айдоочусу куноолуу эмес болсо да жооп берип калабы ээ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан