Япония өкмөтү муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң иен (76 миң сом) өлчөмүндө жөлөк пул берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Андагы маалыматка ылайык, финансылык жардам ала тургандардын 1 миллион иенге чейинки кошумча каражаты жана кирешеси жок болушу керек. Жөлөк пул төлөп берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 50 миллиард иен бөлүнүп берилмекчи.
Аталган өлкөнүн өкмөтүнүн планы боюнча, муктаж болгон бир адамга айына 60 миң иен (45 миң 600 сом) төлөп берүү каралган. Ал эми үй-бүлөсүндө эки адам болсо, 80 миң иен (60 миң 800 сом), 3 жана андан көп мүчө болгон үй-бүлөгө 100 миң иен (76 миң сом) төлөнөт.