
Нигериянын түндүк-батышында 160 жүргүнчүсү бар кеме чөгүп кетип, 100дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Мындай маалымат чет элдик ЖМКларда жазылды.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 26-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө болгон. Анда Нигериянын түндүк-батышындагы Кебби штатына караштуу Нгаски районунда кеме чөгүп кеткен. Кемеде 160 киши болгону айтылат.
"Куткаруучулар тирүү калган 22 адамды таап, ооруканага жеткиришти. Бир жаран каза болду. Каза болгондордун саны көп болушу мүмкүн. Себеби дээрлик 140 адам дайынсыз болууда", - деген аталган райондук администрациянын башчысы Абдуллахи Бухари Вара.
Кырсыктын келип чыгышына кемеге белгиленгенден көп жүргүнчү жана жүк салынгандыгы себеп болгон. Кемеге 80 жүргүнчү гана салуу талапка ылайык. Бирок бортто 160 жүргүнчү жана кум салынган мүшөктөр да бар болгон.