27-май - Китепканалар күнү.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2008-жылы өлкөнүн билим берүү, илим, маданият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатында 27-майды Китепканалар күнү деп жарыялаган. Бул күн Кыргыз мамлекетинде 1902-жылдын 27-май күнү алгачкы коомдук китепкананын ачылыш салтанатына тушташ белгиленген.