Тажикстан жарандарын Кыргыз өлкөсүнө барбай турууга үндөдү

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Кыргыз өлкөсүнө келүүдөн же коңшу мамлекеттин аймагы аркылуу башка өлкөлөргө чыкпай турууга үндөдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"Транспорттун ар кандай түрү менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Тажикстан Республикасынын юридикалык жактары жана жеке ишкерлери Кыргыз Республикасынын аймагынан эмес, үчүнчү өлкөлөр аркылуу альтернативдүү жолдор аркылуу ташышы керек", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө Тажик жарандарынын укуктары бузулган учурда Кыргыз өлкөсүндөгү Тажикстандын элчилигине кайрылышын эскертишкен.

Маалымат үчүн:

Буга чейин, 25-май күнү саат 23:11де "Манас" аэропортуна "Сомон Эйр" тажик авиакомпаниясынын чартердик каттамы келип конгон. Аталган учактын бортунда 186 жүргүнчү болгон, анын ичинен 9 жаран башка мамлекеттин жарандары. Ал эми 177 жүргүнчүсү Тажикстандын жарандары болгон. Тажикстандын жарандары үчүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө убактылуу чектөө киргенине байланыштуу чек ара кызматы аларды кабыл алуудан баш тарткандыктан, алар артка кайтарылган.

Эске салсак, 21-майда Кыргыз өлкөсү Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulya583
2021-05-27 01:07:50
Оо азаматтар, болот экенго. Ажап кылыпсынар. Билишсин жакшылыкты.
+21
Asmat84
2021-05-27 08:28:04
Балии бали ээми өзүңөргө келе баштадынар. Чото Сочиде тиги шеф айткан окшойт "Садыке смело каяша айта бер" я подержвую деп аа
+5
Dembele84
2021-05-27 09:40:35
Отунсо отунбосо да киргизбегиле жакшылыгы жок айбандарды!
+4
Gulina90
2021-05-27 11:15:52
Рас кылдынар бар экенсинерго,сасыган лолулор жакшылык жок буларга
+3
jaskaaa
2021-05-27 19:07:06
Эки доо кагышса орто чымын олот дейт. Ал жакта карапайым эли эле кыйналып жатса керек.
-2
nazira...
2021-05-27 21:32:57
jaskaaa,боорун оорубай эле койсун, алар бизге боор орумак тургай не кылышты. Президенти баш болуп атса ажап эле болду дейт экенсин. Бирок ошо Рахмондун көзүнө көрүнбөдү да, элин кыйнабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан