"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээлеген кызмат ордунан кетет. Бул тууралуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында жазылды.
Андагы маалыматка караганда, дүйнөдөгү эң бай адам аталган Жефф Безос ушул жылдын 5-июлунан тарта "Amazon" компаниясынын башкы директору кызмат ордун тапшырып берет. Анын айтымында, бул дата ал үчүн өтө маанилүү. Себеби дал ушул датада, мындан туура 27 жыл мурун "Amazon" компаниясы негизделген.
Анын ордун "Web Services" бөлүмүнүн башчысы Энди Жесси ээлей тургандыгы айтылууда. Ал эми Жефф Безос компаниянын башкармалыгынын жооптуу төрагасы кызматын аркалайт. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине, ар кыл долбоорлор менен иштөөгө көбүрөөк убакыт бөлөрү айтылат.