АКШнын "Netflix" компаниясы алгачкы орус сериалын тартат

АКШнын "Netflix" стриминг-сервиси алгачкы орус сериалын тартат. Бул тууралуу аталган сервистин маалыматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, "Netflix" жазуучу Лев Толстойдун "Анна Каренина" аттуу романынын негизинде "Анна К" аттуу сериал тартуу алдында турат. Анда заманбап Орусиянын аймагында болгон окуя баяндалат.

Бул долбоорго Орусиядагы белгилүү продюсерлер жана сценаристтер катышат. Алардын катарында Евгений Никишов, Валерий Федорович, Наталья Меркулова, Роман Кантор жана Алексей Чупов бар.

Сериал "Netflix" платформасына чыгат жана бүткүл дүйнө жүзүнө жеткиликтүү болмокчу. Бул сериал "Netflix" сервисине орусиялык кинематографисттер тарабынан тартылган алгачкы орусиялык сериал болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан